Мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылды

4 февраля 2022, 09:00

Кечээ, 3-февралда 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдери боюнча аукцион суроо-талаптын жоктугунан өткөрүлбөгөн катары таанылды,- деп жазат Улуттук банк.

Ошону менен бирге эле аукциондо бюджетке 50 млн сом тартуу пландалган.

Кошумчалай кетсек, 3-февралга карата республиканын казыналык векселдер боюнча милдеттенмелери 923 млн 917 миң сомго бааланган.