Мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукцион жараксыз деп табылды

8 сентября 2022, 14:15

Он эки айлык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2022-жылдын 8-сентябрына белгиленген аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Буга суроо-талаптын жоктугу себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен бюджетти 50 миллион сомго толуктоо пландалган.