УБ: 23-июлда өтө турчу аукцион токтотулду

24 июля 2020, 14:40

Бүгүн, 24-июль күнү 3 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча өтө турчу аукцион талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрулбөй калды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

 

Эске сала кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан улам 250 млн сом тартуу пландалган. 

Белгилей кетсек, 12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча 23-июлда өтө турчу аукцион талаптын жоктугунан улам токтотулду.