Мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион суроо-талаптын жоктугунан өтпөй калды

8 октября 2021, 09:01

Катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан 7-октябрда 12 айлык мамлекеттик казына векселдери боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Аукционго мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу аркылуу бюджетке 60 миллион сом тартуу пландаштырылган.

7-октябрга карата Кыргызстандын вексель боюнча милдеттенмелери 540 миллион сомго бааланганын кошумчалайбыз.