Баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөзүлгөн жок

6 ноября 2020, 09:40

12 айлык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын аукциону атаандаштыкты жараткан талаптын жоктугуна байланыштуу өткөн жок. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат. 

Эске сала кетсек, баалуу кагаздарды жайгаштыруудан улам 100 млн сом тартуу пландалган. 

Андан сырткары, бүгүн мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион болот. Биргелешкен сумманын көлөмү 400 млн сомду түзөт, купондук чен - 6% түзөт.