Улуттук банк: 20-ноябрдагы аукцион өтпөй калды

21 ноября 2020, 09:20

3 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча 20-ноябрда пландалган аукцион катышуучулардын жетишсиздигинен улам өтпөй калды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады. 

Эске сала кетсек, МБК жайгаштыруудан улам 200 млн сом тартуу пландалган. 

Кошумчалай кетсек, 3 жылдык баалуу кагаздардын купондук ставкасы 5% түзөт.