Авиация тармагы Европадагы эң ири авиалайнер менен кызматташууга ниеттенүүдө

22 апреля 2021, 13:00

Кыргыз Республикасынын авиация бийлиги Европанын эң ири Lufthansa авиация концерни менен ар тараптуу кызматташууну көздөйт. Бул тууралуу транспорт министринин Lufthansa Consulting департаментинин башчысы менен болгон онлайн жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирди тышкы иштер министрлиги.

Онлайн жолугушууда Кыргызстандын авиация тармагы, “Манас” компаниясы жана Кыргызстандын авиакомпаниялары Европанын Lufthansa авиация концерни менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Натыйжада, эки тарапты кызыктырган маселелерди кеңири талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.