Авиабилеттердин баасы Орусияга авиакаттамдардын саны жогорулагандан кийин арзандайт

5 апреля 2021, 11:00

Орусия менен Кыргызстан ортосундагы авиакаттамдардын саны жогорулаганда, Москвага болгон авиакаттамдын баасы төмөндөйт. Бул тууралуу транспорт министрлиги билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Орусиянын авиация админстраторлору менен бирге рейстердин санын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 

Андан сырткары, азыркы учурда Орусия санитардык-эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөргө болгон авикаттамдын санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алуу алдында турат. 

Белгилей кетсек, азыркы учурда Орусия менен Кыргызстан ортосунда апта сайын алты рейс каттап турат.