Авиакомпания 8,5 млн сомдук бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес

31 мая 2023, 17:49

Өткөн жылдын сентябрь айында Бишкекке келген "AH26B" учагына карата бажы процедуралары жүргүзүлгөн эмес.

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып келүүдө товарлардын жана транспорт каражаттарынын келиши менен байланышкан бажы операциялары ырааттуу түрдө жүргүзүлүүгө тийиш. Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден тартып учакка карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Борт "B.S" авиакомпаниясына таандык.

"Төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 млн 461,5 миң сомду түзсө, анын ичинен туум 1 млн 569 миң 353 сомду түзөт. Бул факты Бажы кызматынын каттоосуна алынып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.