Tez Jet авиакомпаниясы бир нече каттамын жокко чыгарды

25 октября 2022, 11:10

Кечээ, 24-октябрда Tez Jet авиакомпаниясы бир нече аба каттамдарын токтоткон. Окурмандар тиешелүү видеоматериал жана комментарий менен “Акчабар” редакциясына кайрылышты.

Алардын айтымында, Бишкек-Ош эки жана Бишкек-Жалал-Абад багытында бир каттам токтотулду. Буга себеп аба ырайы болгон.

“Үч күндөн бери билет жок деп жатышат. Биз эмне кылышыбыз керек? Биз 7,5 сааттан ашык күттүк, көчөдө таксилер жок”, — дейт видеодогу адамдардын бири.