Qantas авиакомпаниясы дүйнөдөгү эң коопсуз авиалиния катары аныкталды

6 января 2020, 10:15

2019-жылдын эң коопсуз авилиниясы катары австралиялык  Qantas авикомпаниясы аныкталды. Бул тууралуу Tengrinews порталы AirlineRatings.com басылмасына таянып, жазып чыкты. 

Экинчи орунду жаңы зеландиялык жүк ташуучу Air New Zealand, үчүнчү орунду тайвандык EVA Air ээледи. 

20 коопсуз аба ташуучулардын  катарына  tihad, Qatar Airways, Singapore Airlines, Emirates, Alaska Airlines, Cathay Pacific Airways, Virgin Australia, Hawaiian Airlines, Virgin Atlantic Airlines, TAP Portugal, SAS, Royal Jordanian, Swiss, Finnair, Lufthansa, Aer Lingus жана KLM авилиниялары кирди. 

Коопсуз жана арзан ташуучулардын катарын Air Arabia, Flybe, Frontier, HK Express, IndiGo, JetBlue, Volaris, Vueling, WestJet жана Wizz толуктады. 

Авиакомпаниялар бир катар факторлор менен аныкталды. Мисалы, учак экспулатацияга берилген  убактысы, авиакырсыктын саны, авиа бийликтин текшерүүсү, рентабелдүүлүк жана башка критерийлер менен тандалып алынды.