Австралия Facebook менен Google компаниясына салык салат

9 декабря 2020, 16:15

Facebook Inc. менен Google компаниясы жаңылык контентин түзүп жатканы үчүн, Австралиянын массалык мсаалымат каражаттарына акча төлөшү мүмкүн.  Бул үчүн Австралияда атайын мыйзам иштелип чыкты, - деп маалымдайт Reuters маалымат агенттиги. 

Көпчүлүктүн пикирине ылайык, көз карандысыз журналистиканы коргоо үчүн жасалган дүйнө жүзүндөгү бул биринчи кадам. 

Ушул жума ичи парламент тарабынан бекитиле турчу мыйзамга ылайык, Big Tech компаниясы жергиликтүү басылмалар жана берүүлөр менен бирдикте контент үчүн төлөмдүн көлөмү макулдашылат. Эгерде алар келишимди түзө алышпаса, анда чечимди өкмөт дайындаган арбитр кабыл алат. 

Кошумчалай кетсек, австралиялык мамлекеттик кызматкерлер белгилеп өткөндөй,  жаңыланган мыйзам долбоору Инстаграм жана Ютубка чыкпайт. Бир гана Фейсбуктун лентасында жана Google`дун издөө тутумуна чыгат.