Австрия Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өз ишкерлерине насыя бериши мүмкүн

4 октября 2021, 12:30

Австрия менен Кыргызстан австриялык ишкерлерге Кыргыз Республикасында долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү маселелерин талкуулашууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Штириянын соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар ошондой эле кыргыз экономикасына австриялык компаниялардын инвестицияларын тартуу, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана санариптештирүү чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Казакбаев Кыргызстан үчүн Австриядагы региондорду жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү тажрыйбасын, ошондой эле өнөр жайды, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.