Австрия Кыргызстанга инвестиция салууга кызыктар

11 августа 2021, 11:30

Австриянын элчиси Вилли Кемпель энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын билим берүү тармагына инвестиция салууга кызыктар экенин билдирди. Бул тууралуу ал инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен болгон жолугушууда айтканы агенттиктин сайтында жазылды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу маселеси талкууланды. Анын алкагында, 2022-жылдын февралында туризмдин жана кышкы спорттун өнүгүшүнө байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн Австриянын экономикалык делегациясынын Кыргызстанга келүүсү пландаштырылып жатканы белгилүү болду.