Автогазга болгон баа 4-5 сомго жогорулады

24 января 2020, 17:30

Мунайды кайра иштеп чыгаруу заводуна автогазды жеткирүү иштери башталды. Буга чейин алынып келе жаткан автогаз чек арадан токтотулду деген маалымат жалган. Ал болгону заводко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу мунай сатуучулар Ассоциациясынын башкы жетекчиси  Канат Эшатов билдирди.

«Учурда Казакстанда автогазга болгон баа 3 сомго кымбаттады. Биздин мунай трейдерлер бир литрге болгон бааны 4-5 сомго көтөрүп ийишти. Эгерде мурун 20 сом болсо, азыр 24-25 сомго чыкты. Бир литрге 4-5 сом кошуп сатып жатышат», - деп билдирди Эшатов.