Автомектептин мурунку жетекчиси мекемеге тиешелүү 3 автоунааны сатып жиберген

2 октября 2019, 15:18

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында, мекеменин кызматкери өзүнүн кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган боюнча факт катталган. 

ЭККМКнын Нарын облусундагы Жумгал, Кочкор районуну бөлүмүнө ОСОО “Т.” автомектептин жетекчиси тарабынан арыз келип түшкөн. Арызда автомектпке тиешелүү 3 автоунаа мыйзамсыз сатылып кеткендиги туурасында жазылган. 
Бул факт КР кылмыш жаза кодексинин 233 беренесине ылайык, бирдиктүү реестрге катталган. 

Сотко чейинки оперативдүү иликтөө учурунда арыздагы үч автоунаа автомектептин мурунку жетекчиси тарабынан сатылып кеткендиги аныкталды. 

ЭККМК кабыл алган чечимге ылайык, сатылып кеткен автоунаалар авто мектептин карамагына көткөрүлүп берилди. 

 Учурда сотко чейинки териштирүүлөр жургүзүлүп жатат.