Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга айып салынат

17 октября 2023, 13:10

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.

Ведомство жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлүп, текшерүү иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирет.

Алсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жайгашкан “Дыйкан” транспорттук-көзөмөл пунктунда бүгүнкү күнгө чейин тартип бузган айдоочуларга 731 миң сомго айып пул жана жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы салынган. Күнү-түнү иштеген пункттун жанында атайын автоунааларды токтотуучу жай да уюштурулуп, белгиленген ченемден ашык жүк жүктөгөн айдоочулардын андан ары жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Мындан тышкары, айдоочулар ашыкча жүк жүктөп чыккан мекеме-ишканалардын ээлерине атайын эскертме кагаздар берилип жатат.

Белгилеg кетсек, бүгүнкү күндө ашыкча жүк жүктөгөн жеке жактарга 17 миң 500 сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып пул салынат.