Аялдардын ишкердигин колдоо жарманкеси өтөт

7 декабря 2023, 10:50

27-декабрда Бишкекте аялдардын ишкердигин колдоо боюнча жаңы жылдык жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Иш-чара "Дордой Плаза" соода борборунда саат 10:00дөн 22:00гө чейин өтөт. “Озон” жана “Wildberries” онлайн соода аянтчаларында бизнес жүргүзүү боюнча мастер-класстар уюштурулуп, баалуу байгелер ойнотулат. 

Жарманкеге ата мекендик уникалдуу продукциялар коюлат. Сатуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында кризистик борборлорго жардам берүүгө жумшалат.