«Айыл чарбасын каржылоо — 11»: 3 млрд 280 млн сомдон ашык насыя берилди
Бүгүнкү күнгө карата "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоорунун алкагында 7 миңден ашык дыйканга насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Каражаттын басымдуу бөлүгү өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча берилген. Андан кийин мал чарбачылык менен алектенгендер кредит алышкан.
Бардыгы болуп эки категория боюнча 3 млрд 280 млн сомдон ашык насыя берилди.