Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 511 тонна азык-түлүк таратылды

26 декабря 2023, 11:57

Ош жана Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон 1 миң 615 адам 511 тонна азык-түлүк (байытылган ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун Азык-түлүк программасынан билдиришти. 

Уюмдун маалыматы боюнча, Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) Өнүктүрүү демилгелери боюнча өнөктөш агенттиги (ADI) менен биргеликте калктын аялуу катмарына киреше алып келүүчү иш-аракеттер үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышуу үчүн азык-түлүк таратышты. 

Белгилеп кетсек, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук долбоорлор аркылуу колдоп келет.