Аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет

14 сентября 2023, 10:00

Кыргызстанда аз камсыздалган 94 миң үй-бүлөгө мамлекет тарабынан жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Үй бүлөгө көмөк” пособиесинин өлчөмү 1 миң 300 сомду түзөт.

Андан тышкары, мындай үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифинде жеңилдиктер берилет. Алар бир киловатт-саат үчүн 50 тыйындан төлөшөт.