Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн социалдык программа ишке кирет

16 февраля 2024, 09:30

Айыл чарба министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө социалдык программа ишке киргизет. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, механизм Эмгек министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Социалдык келишим” долбооруна окшош болот.

Программанын алкагында муктаж жарандарга жер тилкеси же аары чарбачылыгы берилет. Учурда долбоордун жол-жобосу иштелүүдө.