Азамат Дыйканбаев пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

20 мая 2021, 12:36

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнүн билдирүүсүнө ылайык, УКМК сотко чейинки процесстерди баштады.

Чет элдик компаниянын өкүлүнүн билдирүүсү белгиленген долбоор боюнча келишимди аткаруу мөөнөтүн узартуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы тууралуу болгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалып,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.