«Чыгышэлектрди» Азамат Паизов жетектейт

20 июля 2022, 08:56

“Чыгышэлектр” ААКтын жамаатына жаңы башкы директор тааныштырылды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен жетекчиликке Азамат Паизов дайындалды. Буга чейин ал “Жалалабатэлектр” ишканасын жетектеп келген.

Азамат Паизов 51 жашта. Ал 1996-жылы Ош технологиялык университетин инженер-электрик адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жерде бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

Эске салсак, буга чейин “Чыгышэлектрди” Бакыт Сабатаров башкарып келген.