Азамат Жоробеков Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын мүчөсү болду
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Азамат Жоробеков банктын башкармалыгынын мүчөсү болду. Мындай чечимди банктын директорлор кеңеши 5-июнда кабыл алды.
Эске салсак, ал буга чейин “Коммерциялык банк Кыргызстан” ААКсынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.