Азербайжан Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын бөлүүнү пландап жатат

15 июля 2021, 09:30

Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы менен гуманитардык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда вакцинаны ташуу үчүн бардык шарттарды жана талаптарды камсыз кылуу менен логистикалык маселелер каралып жатат.