Азербайжанга жүз баш топоз экспорттолду

9 декабря 2022, 10:22

Айыл чарба министрлиги Азербайжанга 100 баш топоз экспорттоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Эске алсак, топоздордорду экспорттоо ушул жылдын 19-20-апрелинде өлкө башчы  Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында макулдашылган. 

Статистикалык маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү топоздордун жалпы саны 53,9 миң башты түзгөн. 

Ошондой эле, 2022-жылы беш топоз чарбасы Айыл чарба министрлигинин  асыл тукум чарба статусун ыйгаруу боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоо жана кайра аттестациялоодон өткөн. Аталган  чарбаларда 1543 баш топоз катталган.