Бишкек жана Тбилиси мындан аркы кызматташтыкты улантат

7 октября 2019, 14:35

Тбилиси шаарынын мэри Каха Каладзенин чакыруусу менен Азиз Суракматов  «Тбилисоба-2019»  шаар күнүнө катышат.  Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

«Тбилисоба» - түшүм жыйынына арналган салтка айланып калган майрамдардын бири. Бул күнү шаардын бардык жеринде жарманке, фестиваль костюм карнавалы жана концерттер өтөт. 

Официалдуу жолугушуунун алкагында биргелешкен кызматташтык жана коомдук транспорттогу электрондук билеттештирүү боюнча таанышуу жана тажрыйба алмашуу, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, шаардык автотранспорт паркын ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.