Азык-түлүк импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү узартылды

9 января 2024, 14:30

Кыргызстанда азык-түлүктүн бир канча түрүн импорттоодогу нарк салыгынан бошотуунун мөөнөтү узартылды. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому дагы бир жыл күчүндө болот.

Ага ылайык, ун, жумуртка, арпа, сулу, балыктын жана мал-жандыктар үчүн азыктар, бодо малды ташып келүүдө 2024-жылдын соңуна чейин нарк салыгы алынбайт.