Азык-түлүктүн бир катар түрүнө баалар төмөндөгөнү байкалды

13 октября 2023, 09:45

Кыргызстанда сентябрда азык-түлүктүн бир катар түрүнө баалар төмөндөгөнү байкалды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, картөшкөнүн наркы 10 пайызга, ал эми гречка 6 пайызга арзандады.

Ошондой эле кумшекердин жана жашылча-жемиштердин баасы төмөндөдү.

Ал эми ундун баасы тескерисинче кымбаттаган, республика аймагында – 1,5 пайызга, жумуртка, сүт, күрүчтүн наркы 1 пайызга көтөрүлгөн.