Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын өзгөрүшүн белгилөө тартиби бекиди

24 ноября 2022, 14:35

Кыргызстанда баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартиби “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 51-беренесине ылайык иштелип чыкты жана түзүлгөн контрактка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөө жана ырастоо шарттарын жана ыкмаларын аныктайт.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.