Баатыр энелердин жөлөк пулу көбөйтүлүшү мүмкүн

20 февраля 2024, 09:24

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө” токтом долбоору каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Камила Талиеванын айтымында, токтом долбоор Баш мыйзамдын ченемдерин жана “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесин эске алуу менен баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкты. 

“Токтом долбоордо баатыр энелерге ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн 2-3 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Азыр жөлөк пулдун суммасы 1000 сом, ал пенсияга кошулуп берилет”, - деп айтылат маалыматта.