Багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкты

20 февраля 2024, 10:55

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты.  Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Долбоор коомдук талкууга коюлат. Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат: 

  • мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү; 
  • багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди түзүү; 
  • багбанчылык максатында 42,9 миң га асылдуулугу төмөн жайыттарды беш жылдын ичинде өздөштүрүү; 
  • багбанчылык тармагында 14 кластерди түзүү; 
  • багбанчылык багыттары үчүн 1 млрд.900 млн. сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүү; 
  • багбанчылык тармагында 2 соода-логистикалык борборлордун курулушу.