Бахрейнге айрым кыргызстандыктар гана визасыз кире алат. Алар кимдер?

13 февраля 2024, 10:36

Бахрейнге дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспортко ээ болгон кыргызстандыктар гана визасыз кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Бул эреже 12-февралдан тарта күчүнө кирди. 

“Кыргызстандын жана Бахрейндин жарандары – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болуу үчүн визалык талаптардан бошотулат”, - деп айтылат маалыматта.