Кыргызстандагы байланыш кызматынын тарифтик кирешелери 10.3 млрд сомду түзгөн

21 июля 2020, 16:10

Covid-19 пандемиясы кызмат көрсөтүү тармагына терс таасирин тийгизген. Каржы министрлигинин маалыматында, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында баардгынан ташуучулар көп жабыркаган. Блтыркы жылга салыштырмалуу, январь-июнь айларында жүргүнчүлөрдү  ташуу тармагы 48.6 пайызга кыскарган.

Жүк ташуу тармагында дагы ушуга окшош кырдаал түзүлгөн, анын көлөмү 28.5 пайызга төмөндөгөн. Мейманканалардын жана ресторандардын дагы ишмердүүлүгүндө кыскаруу байкалып,  ал 38.2 пайызды түзгөн. Чекене соода жүргүзүү тармагындагы түшүү (-14.5) пайызды түздү.

Ал эми кызмат көрсөтүү тармагында жалпы жонунан түшүү 9.3 пайызга жеткен.

 

Почталык жана курьердик ишмердүүлүктүн көлөмү 17.8 пайызга кыскарган. Бирок, жалпы түшүүгө карабастан, плюс менен чыга алган дагы тармак бар – ал байланыш кызматы. Анда тармактын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 0.7 пайызга өсүп, 10 млрд 307 млн сомду түзгөн.