Байге фонду 250 миң сомду түзгөн китеп окуу сынагы башталды

23 января 2022, 19:00

Кыргызстанда VIII республикалык онлайн китеп окуу конкурсу башталды. "Оку" долбоору китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Сынак жалпы окурмандар, мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн болот. Жалпы байге фонду 250 миң сомду түзөт. Конкурска 4-мартка чейин акысыз катталса болот. www.oku.biz.kg сайтында уюштурулуучу мелдеш 6-март күнү online өткөрүлөт.