Бажы кызматынын 26 кызматкери тартиптик жаза алышты

7 февраля 2020, 17:45

2020-жылдын 4-февралында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча коллегиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР МБК басма сөз кызматы кабарлады.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

 

  1. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 11.10.2019-жылдан тарта токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө».
  2. «Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешелүү бөлүгүнүн 2019-жылдын 4 кварталы үчүн бажы төлөмдөрүнүн аткарылышы, жалпы 2019-жыл жана 2020-жылдын 1-кварталына бажы төлөмдөрүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрү жөнүндө».
  3. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын  укук коргоо ишмердүүлүгүнүн 2019-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө».
  4. «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө».
  5. «КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы аткаруу тартибинин 2019-жылдын жыйынтыгы  боюнча абалы жөнүндө».

Коллегиянын отурумундагы күн тартибинин маселелеринин кароонун жыйынтыгы менен 26 тартип жазасы салынган:

  • Анын ичинде бажы органдарынын 4 жетекчиси, ошондой эле бажылык каттоо органынын  12 башчысы бар.