2020-жылы бажы төлөмдөрү 14 млрд сомго кыскарышы мүмкүн

22 мая 2020, 09:00

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылы бажы төлөмдөрү 14 млрд сомго кыскарышын болжолдойт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.

 

 

Анын айтымында, апрель айында импорт 74 пайызга кыскарган.

Торутаев белгилегендей, кырдаалды жакшыртуу үчүн бажы системасын автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«2020-жылы Бажы кызматын толук санариптештирүүнү аяктоону пландап жатабыз», — деди ал.