Бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуунун жылдык планын мөөнөтүнөн мурда аткарды

17 ноября 2023, 13:50

Мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуунун жылдык планын мөөнөтүнөн мурда аткарды.

Маалыматка ылайык, январдын башынан бери бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 94,5 миллиард сомдон ашты. Адистер бул сумма жыл аягына чейин кыйла көбөйөрүн белгилешүүдө.

Мындай натыйжага коррупциялык схемаларды жоюу аракеттеринин аркасында жетишилгени белгиленди.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстандын бажычылары бул маалда 74 миллиард сомго жакын чогулткан.