«Бакай Банк» уставдык капиталдын көлөмүн жогорулатат

5 апреля 2021, 10:20

«Бакай Банк» уставдык капиталдын көлөмүн 2 млрд 771 млн 743 миң сомго чейин жогорулатат. Тиешелүү чечим акционерлердин жылдык жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат. 

 

Ачык акционердик коом 23-эмиссияны 1 млн 575 миң 854 миң даана көлөмдө чыгаруу жолу аркылуу катталган акциялардын көлөмүн жогорулатуу пландалууда. 

«‎Жайгаштыруунун бир акцияга болгон баасы 47 сомду түзөт», — деп билдиришти банктан. 

Белгилей кетсек, 23-эмиссиянын кошумча акцияларын жайгаштыруу акционерлер арасында жабык түрүндө өтөт.