Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө 11 млн сом кымырылган

5 декабря 2023, 09:45

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө 11 млн сомдон ашык мамлекеттик каражатты уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Бакай-Ата райондук билим берүү башкармалыгында бюджеттин аткарылышынын сакталышы боюнча аудит жүргүзүлүп, анда 11 млн 30,7 миң сомдук мамлекеттик каражаттар уурдалган. 

Белгиленгендей, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карт эсебине 2022-жылы 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулган.