«Бакай Банк» бөлүштүрүлбөгөн пайданын 100%ын дивиденддерге жумшайт

20 июля 2022, 11:48

"Бакай Банк" 2021-жылдын аягында алынган бөлүштүрүлбөгөн пайданын 100%ын дивиденддерди төлөөгө жумшайт. Мындай чечимди акционерлер банктын баалуу кагаздарынын ээлеринин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Дивиденддерди банктын акционерлеринин акцияларынын санына пропорционалдуу бөлүштүрүү чечими кабыл алынды.

Маалым болгондой, 1 баалуу кагазга дивиденддин көлөмү 5,5543 сомду түзөт.

Мындан тышкары, жыйында Шарият кеңешинин жаңы мүчөсүн шайлоо чечими кабыл алынды. Ал Айдар Жантурин болду.