Дагы эки банк орусиялык «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту

18 октября 2022, 16:42

"Бакай Банк" жана "Дос Кредобанк" орусиялык "Мир" карталарын тейлөөнү токтотту. Маалыматты банктар тастыкташты.

Буга чейин "Компаньон Банкы" 4-октябрдан тарта айрым россиялык банктардын "Мир" карталарын тейлөөнү токтотуп жатканын билдирген.

Белгилеп кетсек, “Акчабар” буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы орусиялык банктардын “Мир” төлөм карталарына атайын талаптарды киргизбегенин жазган. Ошентип, чектөөлөр боюнча чечим банктар тарабынан өз алдынча кабыл алынышы мүмкүн.