«Бакай Банк» таза пайданын 36%ын дивиденддерди төлөөгө бөлөт

14 марта 2023, 13:44

"Бакай Банктын" акционерлери жылдык кезексиз чогулушунда банктын кирешесин бөлүштүрүү жана 2022-жылга дивиденддердин өлчөмүн бекитүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, акционерлер банктын таза кирешесинин 36%ын 2022-жылга дивиденддерди төлөөгө бөлүүнү чечишти.

"Дивиденддерди накталай түрдө төлөө үчүн – 2022-жылга банк алган таза пайданын 36%ы", - деп айтылат Бакай Банктын билдирүүсүндө.

Кошумчаласак, бир жөнөкөй акцияга дивиденддин өлчөмү 66,75 сомду түзөт. 1-мартка карата аракеттеги акционерлер дивиденддерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.