«Бакай Банк» Германиянын инвестициялык фондунан каржы тартты

16 декабря 2021, 10:25

Ушул жылдын ноябрь айында “Бакай Банк” Германиянын Hansainvest инвестициялык фонду менен каржылоо келишимине кол койгон. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Марат Юсуповдун сөзүнө караганда, алынган каржылоону кичи жана орто бизнести колдоого, ошондой эле жашыл экономика тармагын насыялоого жумшоо пландалууда.

Белгилей кетсек, банк Moody's Investors Service эл аралык агенттигинин жогорку баасынын аркасында фонддон каржылоону тарта алган. 2020-жылы финансы-кредиттик мекемеге В3 рейтинги ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө банк эл аралык агенттиктен аккредитацияланган өлкөдөгү жападан жалгыз каржы мекемеси.