«Бакай Банк» доллар менен еврону накталай берүү үчүн төлөмдү узартты
“Бакай Банк” ААК АКШ доллары менен еврону накталай эмес валютаны накталай акчага айлантуу боюнча убактылуу комиссиянын мөөнөтүн 2023-жылдын 1-февралына чейин узартты. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, накталай төлөө үчүн комиссия:
- юридикалык жактар үчүн сумманын 2%;
- жеке жактар үчүн сумманын 2%ын алат.
Эске салсак, 30-сентябрда “Бакай Банк” юридикалык жана жеке жактар үчүн 3% өлчөмүндөгү комиссияны 1-декабрга чейин узарткан.