«Бакай Банк» директорлор кеңешинин курамын көбөйттү

15 марта 2023, 15:08

"Бакай Банк" ААКтын Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Кеңештин курамына Айжан Садыркулова менен Тимур Ибрагимов кирди.

КФБ мындай чечим банктын директорлор кеңешинин сандык курамынын тогуз мүчөгө көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.