Бакай Банк 2019-жылы 215,6 миллион сом дивиденд төлөп берди

17 декабря 2020, 09:58

2019-жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бакай Банк дивиденддерди төлөөгө 215 миллион 616,8 миң сом бөлдү. Бул тууралуу банктан маалымдашты. 

Бүгүнкү күндө 4 миң 551 акция жүгүртүүдө, 19 акционер баалуу кагаздардын ээси катары чыгууда. 16-декабрга карата алардын 18и акциялар боюнча кирешесин толугу менен төлөп беришкен, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 215,6 млн.

"Бир акционер өзүнүн дивиденддерин ала элек. Бул анын жыйынга катышпай калганы менен байланыштуу. Акциялар боюнча төлөнө элек кирешенин көлөмү 17 миң сомдон бир аз ашыгыраак бааланат”, - деп билдиришти каржы мекемесинен.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Фондулук Биржасынын котировкалары боюнча, Бакай Банктын акциялары учурда сатыкка чыкпай жатат.