«Бакай Банк» акционерлерине 1,5 млрд сомдон ашык дивиденд төлөдү

12 сентября 2023, 13:31

"Бакай Банк" 2022-жылга баалуу кагаздар боюнча дивиденддерди төлөө аяктагандыгын расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Дивиденддерди алууга укугу бар бардык 19 акционерге каражат толук төлөнүп берилди. Төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 1 миллиард 522,2 миллион сомду түздү.