Бактилек Калмурзаев «Манас Менеджмент Компани» ЖАКты жетектейт

11 августа 2022, 09:20

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун чечими менен “Манас Эл аралык аэропорту” ААКтын туунду компаниясы “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын башкы директору шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Жаңы директор Бактилек Калмурзаев болду.

Мындай чечим 3-июлда кабыл алынган.

Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргыз фондулук биржасы бул кызматка Мирлан Кубаталиев шайланганын билдирген.